ЭББПК окутуучусу Сауд Арабиясынын эл аралык онлайн программасына катышты.
17:42
19-10-2026
18
2026-жылдын 14-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин араб тили боюнча окутуучусу Бекназаров Сабырбек Мамасалиевич Сауд Арабия Королдугунун «Tashreef» программасынын алкагында уюштурулган эл аралык онлайн лекцияга катышты.
Лекциянын темасы — «Араб тилин билбегендерге грамматикалык эрежелерди окутуудагы айрым көйгөйлөр».
Иш-чаранын жүрүшүндө араб тилинин грамматикасын чет тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрү, окутуу процессинде кездешкен кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору талкууланды.
Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана заманбап окутуу тажрыйбаларын өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.