Жанылыктар

Кореяга саякат: корей тилин үйрөнүүнүн кызыктуу жолу!

2026-жылдын 20-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Кореяга саякат» (한국 여행) аталышындагы ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты «Котормо иши» бөлүмүнүн окутуучусу Айдарбекова Нуржан уюштурду. Сабактын негизги максаты — студенттердин Кореяга саякат темасына байланыштуу сөз байлыгын кеңейтүү, корей тилинин грамматикалык түзүлүштөрүн туура колдонууга үйрөтүү жана сүйлөө, угуп түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү. Сабакта студенттер Кореянын белгилүү туристтик жайлары менен таанышып, саякат тууралуу өз ойлорун корей тилинде билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындай сабактар студенттердин чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, тилдик жана маданият аралык баарлашуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
34 13:47 20-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|