Жанылыктар

Увлекательный мир животных: изучаем английский язык через интерактивные задания!

2026-жылдын 20-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Animals» (Жаныбарлар) жана «Articles a / an, the» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты «Котормо иши» бөлүмүнүн окутуучусу Абдыкадыр кызы Ырысбу уюштурду. Сабактын негизги максаты — студенттердин жаныбарлар темасына байланыштуу англис тилиндеги сөз байлыгын кеңейтүү, a, an, the артиклдеринин колдонулушун үйрөтүү жана сүйлөө, угуп түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү. Сабактын жүрүшүндө студенттер жаныбарлардын англис тилиндеги аталыштарын үйрөнүп, грамматикалык эрежелерди практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Интерактивдүү көнүгүүлөр жана кызыктуу иш-аракеттер студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
29 14:00 20-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|