ОшМУнун окутуучусу жана студенттери РУДНде өткөн эл аралык конференцияга катышты
04:36
21-10-2026
223
ОшМУнун окутуучусу жана студенттери РУДНде өткөн эл аралык конференцияга катышты
2026-жылдын 13–16-октябрь күндөрү Москва шаарындагы Патрис Лумумба атындагы Россия элдеринин достугу университетинде (РУДН) өткөн XXVIII «Ааламдык экономиканын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «Эл аралык мамилелер жана Европа интеграциясы» бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Назгүл Абийбуллаевна Раджапова жана бөлүмдүн студенттери катышты.
15-октябрда конференциянын алкагында ШКУ, КМШ жана БРИКС тармактык университеттеринин ишмердүүлүгүнө арналган эксперттик топтордун жыйыны өттү.
Ошондой эле студенттер Евразиялык жаштардын илимий-практикалык мектебине катышып, илимий билимдерин тереңдетүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара тажрыйба алмашууга, студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана ОшМУнун эл аралык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түздү.
Конференцияга катышкан студенттер:
Керимбеков Бектур — МИМО-1-23;
Нурматов Элиербек — МИМО-1-23.
Абдыкалыкова Махабат-МИМО -2-23