Новости

Өзгөн шаарынын күнүнө арналган көргөзмөгө медициналык колледждин студенттери катышты

2026-жылдын 20-октябрында Өзгөн шаарынын күнүнө карата мэрия тарабынан уюштурулган билим берүү мекемелеринин көргөзмөсүнө ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери катышты. Көргөзмөдө колледжде даярдалып жаткан адистиктер тааныштырылып, медициналык муляждар жана фантомдор, фармация адистигинин лабораториялык жабдуулары, ошондой эле санариптик маалыматтык технологиялар боюнча видео материалдар көрсөтүлдү. Студенттер тарабынан даярдалган витаминдүү чөп чайлар конокторго сунушталып, каалоочулардын артериялык кан басымы акысыз өлчөнүп, кандагы кычкылтектин каныгуу деңгээли (сатурация) текшерилди. Жарандарга ден соолук көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берилди. Көргөзмөгө келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде аким жана шаардын мэри, колледждин ишмердүүлүгүнө кызыгуу көрсөтүп, даярдалып жаткан адистиктер жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Бул иш-чара колледждин мүмкүнчүлүктөрүн коомчулукка таанытууга, студенттердин практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө жана келечектеги медициналык адистердин кесиптик даярдыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
8 11:11 21-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|