Араб тилинин дүйнөдөгү орду: эл аралык онлайн конок лекция
05:10
23-10-2026
23
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде араб тили тайпаларынын студенттери үчүн «Ааламда араб тилинин орду» аталышында онлайн форматта конок лекция өткөрүлдү.
Лекцияны Иордания Королдугунун Тарбия жана билим берүү министрлигинин кызматкери, доктор, профессор Фавваз аль-Дахер Буштави өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө араб тилинин дүйнөдөгү орду, эл аралык мааниси жана маданияттар аралык байланыштагы ролу тууралуу маалымат берилди. Студенттер араб тили боюнча билимдерин кеңейтүүгө жана эл аралык тажрыйба менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.