“РОСОМЕД” уюмунун колдоосунда ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун 12-оюну проректор, доц. К. Сакибаевдин демилгеси менен Жалал-Абад эл аралык университетинин окутуучуларынан куралган “Гиппократ” жана “Авиценна” командалары катышып, 4700 упай топтоо менен “Авиценна” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары эки командадан тең энциклопедиялык билимге ээ мыкты оюнчулар аныкталды.
Аларга 3 раундда “Бактерии”, “Будьте здоровы!”, “Водородная тема”, “Доктора в кино”, “Химия”, “Носы” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилди. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга стетоскоп, глобус сыяктуу белектер, ал эми алып баруучуга университеттин ректорунун ыраазычылык каты тапшырылды. Соңунда окутуучулар таймаш кызыктуу болгондугун жана талаш-тартыштар менен коштолгондугун белгилешти. Оюнга проректор К. Сакибаев жана медицина факультетинин деканы, доц. Ш. Астанов көзөмөл салып олтурушту.
Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы С.М. Амиралиев иш сапарынын алкагында тилдерди окутуп жаткан кесиптештеринин сабактарына катышып, тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташуу маселелерин талкуулады. Студенттер менен жолугушуп, академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрнү жөнүндө айтып берди.