Жанылыктар

Долбоордун 12-оюну уюштурулду

“РОСОМЕД” уюмунун колдоосунда ишке ашып жаткан «Интеллектуальная викторина в формате “Своей игры” для оценки уровня профессиональных знаний медиков-знатоков» аттуу долбоордун 12-оюну проректор, доц. К. Сакибаевдин демилгеси менен Жалал-Абад эл аралык университетинин окутуучуларынан куралган “Гиппократ” жана “Авиценна” командалары катышып, 4700 упай топтоо менен “Авиценна” командасы 1-орунду ээледи. Мындан тышкары эки командадан тең энциклопедиялык билимге ээ мыкты оюнчулар аныкталды. Аларга 3 раундда “Бактерии”, “Будьте здоровы!”, “Водородная тема”, “Доктора в кино”, “Химия”, “Носы” ж.б. категориялар боюнча түзүлгөн 40 суроо берилди. Иш-чараны орус тилинде проф. С.М. Амиралиев алып барды. Катышуучуларга стетоскоп, глобус сыяктуу белектер, ал эми алып баруучуга университеттин ректорунун ыраазычылык каты тапшырылды. Соңунда окутуучулар таймаш кызыктуу болгондугун жана талаш-тартыштар менен коштолгондугун белгилешти. Оюнга проректор К. Сакибаев жана медицина факультетинин деканы, доц. Ш. Астанов көзөмөл салып олтурушту. Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы С.М. Амиралиев иш сапарынын алкагында тилдерди окутуп жаткан кесиптештеринин сабактарына катышып, тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташуу маселелерин талкуулады. Студенттер менен жолугушуп, академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрнү жөнүндө айтып берди.
69 09:41 23-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|