Жанылыктар

Ачык сабак: Эквивалентсиз лексиканы жана реалийлерди которуу

2026-жылдын 23-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде «Жазуу жүзүндөгү котормо практикасы» дисциплинасы боюнча «Эквивалентсиз лексиканы жана реалийлерди которуу» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакка ПДс1-24 тайпасынын студенттери катышты. Сабактын жүрүшүндө студенттер ар түрдүү элдердин маданиятына байланыштуу сөздөрдү которуунун ыкмалары менен таанышып, англис тилинен орус тилине которуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле студенттер жуптарда жана топтордо иштеп, котормонун тактыгын талдап, маданий өзгөчөлүктөрдү туура жеткирүүнүн маанисин үйрөнүштү. Ачык сабакты окутуучу Алымкул кызы Зуура даярдап, өткөрдү.
31 15:10 23-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|