2026-жылдын 23-октябрында СГД кафедрасында «Устат – коомдун тиреги» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты Айгүл Митаевна Жороева педагогикалык тажрыйба жана устаттык кеңештер боюнча презентация жасап, баяндама окуду.
Аталган иш-чара тажрыйба алмашууга, кесиптик өнүгүүгө жана устаттык салттарды улантууга багытталды. Иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.