ОшМУнун Курулуш колледжинде Enactus командасы менен жолугушуу өткөрүлдү!
17:58
24-10-2026
20
Ош мамлекеттик университетинин Enactus командасынын жетекчиси Эрлан Камалов баштаган өкүлдөр Курулуш колледжине келип, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Enactus командасынын ишмердүүлүгү, стартап-долбоорлорду иштеп чыгуу, ишкердик демилгелерди өнүктүрүү жана жаштар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле студенттерге өз идеяларын ишке ашыруу, жаңы долбоорлорду жаратуу, командалык иш алып баруу жана заманбап ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча маалыматтар сунушталды. Катышуучулар жаштардын инновациялык ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, чыгармачылык потенциалын ачуу жана келечектеги кесиптик өсүүсүнө өбөлгө түзүү маселелерине токтолушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин жаңы идеяларга болгон кызыгуусун арттырып, демилгелүүлүгүн колдоого жана келечекте өз долбоорлорун ишке ашырууга шыктандырат.
Иш-чарага Курулуш колледжинин директору Тентимишов Майрамбек Тентимишович баштаган окутуучулар жамааты да катышты.
Бул жолугушуу студенттер үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга жана ишкердик багытта өзүн өнүктүрүүгө түрткү берген маанилүү иш-чаралардын бири болду.
Жаштардын идеясы — келечектин башаты!