Жанылыктар

ЭББПКнын студенти Жасурхожа Насиржанов Ушу-Санда боюнча эл аралык турнирде 2-орунду ээледи.

Ош шаарында өткөрүлгөн Алымбек датка атындагы эл аралык турнирде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин (ЭББПК) 1-курсунун студенти Насиржанов Жасурхожа спорттун Ушу-Санда түрү боюнча чоң ийгилик жаратты. Жасурхожа 70 кг салмак категориясында курч атаандаштыкта татыктуу уруштарды өткөрүп, сыймыктуу 2-орунду камсыздады жана күмүш медалдын ээси болду. Жаш спортчубузду бул жеңиши менен куттуктап, окууда жана спортто мындан да жогорку ийгиликтерди каалайбыз!
5 09:32 25-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|