ФИНАНСЫ-ЮРИДИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ОШ ШИИБинин ЖАНА ОшМУнун КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН «ЖАШТАР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУК, КИБЕРКЫЛМЫШТАР ЖАНА КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК ТҮШҮНДҮРҮҮ» ИШТЕРИ БОЛУП ӨТТҮ.
07:20
26-10-2026
9
ОшМУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек тарабынан келген ыкчам кызматкерлер менен тааныштырылып, киберкылмыштуулук боюнча маалыматтар студенттерге берилип, алган маалыматтар боюнча суроо-жооп аркылуу маалыматтарын бекемдөөсүн айтып өттү.
Студенттердин кылмыштуу аракеттерге барбоосу жана мындай аракеттерге баруунун алдын алуу боюнча кадамдар түшүндүрүлүп, жакындарынын да бул кылмышка баруусунун алдын алууга чакыруу боюнча эскертилди.Ош шаары
Катышуучулар:
Ош ШИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн киберкылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Мирланбек уулу Азизбек.
Ош ШИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн киберкылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Аликуулов Азамат.
ОшМУнун коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович.
ОшМУнун коопсуздук кызматынын инспектору Акимжан уулу Кыялбек.
ФЮКтун директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Акматали уулу А.
ФЮКтун студенттери.