26-октябрь 2026-жылы мөөнөтүндө ОшМУнун ЭББПК Баткен окуяларынын 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү жана курман болгондор эскерилди.
10:19
26-10-2026
39
26-октябрь 2026-жылы мөөнөтүндө ОшМУнун ЭББПК Баткен окуяларынын 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү жана курман болгондор эскерилди.
Иш-чаранын негизги максаты: Мекенди коргоочулардын эрдигин түбөлүккө калтыруу жана эскерүү, өсүп келе жаткан жаш муундун Мекенге болгон сүйүүнү, мекенчилдик сезимди, Ата Журтту коргоого болгон даярдыкты жана жоопкерчиликти калыптандыруу, аскер кызматчыларынын кадыр-баркын көтөрүү жана бекемдөө, Мекенди коргоодо курман болгон баатырлардын эрдигин дайыма эсте сактоо.
Иш-чарага ОшМУнун ЭББПК директору Рамашов К.А., окутуучулар запастагы полковник Абдибаитов М.Т., запастагы майор Жоробаев Б.Ш., Солтоев З.А., КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер Ардагерлер коомунун төрагасы запастагы полковник Парпиев М.А., жана ардактуу ардагерлер запастагы подполковник Авипов А.И., запастагы подполковник Ырысбаев А.К., запастагы улук прапорщик Ш.Г.Бекташевдор баяндамаларды жасашты; Иш-чарага ОшМУнун ЭББПК профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.