«Кыргыз этнопедагогикасы, каада-салттары жана үрп-адаттары» темасында көрсөтмөлүү сабак өтүлдү
09:06
27-10-2026
13
2026-жылдын 26-октябрында Ош мамлекеттик университетинин Педагогика жана искусство факультетинин Педагогика кафедрасында «Чет тили» адистигинин 2-курсунун студенттери үчүн окутуучу А. Жусупова тарабынан «Кыргыз этнопедагогикасы, каада-салттары жана үрп-адаттары» темасында көрсөтмөлүү сабак өткөрүлдү.
Сабакка институттун методикалык кеңешинин төрайымы, улук окутуучу А. Табалдиева, кафедра башчысы, доцент Г. Жутанова, кафедранын методикалык кеңешинин төрайымы Г. С. Жакупова, студенттердин лектору, доцент А. Батыралиев жана кафедранын жалпы жамааты катышты.
Сабактын жүрүшүндө окутуучу А. Жусупова студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырууга, алардын өз алдынча ой жүгүртүү, пикир алмашуу жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган интерактивдүү окутуу методдорун натыйжалуу пайдаланды.
Сабакта кыргыз элинин байыртадан бери сакталып келген каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук баалуулуктары жана алардын жаш муундарды тарбиялоодогу орду кеңири талкууланды. Студенттер топтордо иштөө, суроо-жооп, талкуу жана практикалык тапшырмалар аркылуу өз билимдерин көрсөтүп, кыргыз элинин руханий мурастарын сактоонун жана келечек муундарга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.