«Жаратман муун» массалык чуркоосуна Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери жана окутуучулары катышты
09:28
27-10-2026
17
24-октябрда ОшМУ тарабынан Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана 40 жаштан жогорку каалоочулар арасында массалык чуркоо уюштурулду. Ага 700гө жакын адам катышып, 3 чакырым аралыкка чуркашты.
Иш-чарага Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери жана окутуучулары да активдүү катышып, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаштардын ынтымагын бекемдөөгө өз салымдарын кошушту.
Аталган иш-чара «Жаратман муун» долбоорунун алкагында уюштурулуп, жаштарды спортко кызыктырууга жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга багытталды.