2026-жылдын 25-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Өз тилиңдө сабаттуу бол» аттуу жат жазуу сынагы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — окутуучулардын жазуу сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу.
Сынактын жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөнкү окутуучулар дипломдор менен сыйланышты:
М. Э. Манашов — ИПКнын директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент;
Молдомырзаева Майрам, Байыева Клара — математикалык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары;
Дейдиева Фарида, Кожоева Каныкей — педагогикалык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары.
Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү ФДЦКнын окутуучулары Кадырова Орозгүл Сапаралиевнага, Темирова Нурилага жана Садык кызы Жанылмырзага тапшырылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Сынак мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталды.
Сабаттуу жазуу — тилге болгон сый-урматтын белгиси!