Haber

«ӨЗ ТИЛИҢДӨ САБАТТУУ БОЛ» ЖАТ ЖАЗУУ СЫНАГЫ

2026-жылдын 25-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Өз тилиңдө сабаттуу бол» аттуу жат жазуу сынагы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — окутуучулардын жазуу сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйды арттыруу. Сынактын жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөнкү окутуучулар дипломдор менен сыйланышты: М. Э. Манашов — ИПКнын директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент; Молдомырзаева Майрам, Байыева Клара — математикалык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары; Дейдиева Фарида, Кожоева Каныкей — педагогикалык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары. Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү ФДЦКнын окутуучулары Кадырова Орозгүл Сапаралиевнага, Темирова Нурилага жана Садык кызы Жанылмырзага тапшырылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Сынак мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталды. Сабаттуу жазуу — тилге болгон сый-урматтын белгиси!
7 12:09 27-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|