Жанылыктар

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 29-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата 9 жана 11 базалардын студенттери арасында китеп окуу сынагы өткөрүлдү. 9 базанын 1-курс студенттери Айдарбек Сарманбетовдун «Мал кишиси» чыгармасын, ал эми 11 базанын 1-, 2- жана 3-курс студенттери Казат Акматовдун «Мунабия» чыгармасын окуп, сынакка катышышты. Иш-чаранын максаты — студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, көркөм адабият аркылуу руханий дүйнөсүн байытуу жана мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйын бекемдөө. Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү ФДЦКнын окутуучулары Калматова Венерага, Аскарова Алияга жана Жоомарт кызы Бактыканга тапшырылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар студенттердин китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, көркөм чыгармаларды терең түшүнүүгө жана улуттук руханий баалуулуктарды баалоого өбөлгө түзөт.
29 12:21 27-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|