МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
12:21
27-10-2026
23
2026-жылдын 29-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата 9 жана 11 базалардын студенттери арасында китеп окуу сынагы өткөрүлдү.
9 базанын 1-курс студенттери Айдарбек Сарманбетовдун «Мал кишиси» чыгармасын, ал эми 11 базанын 1-, 2- жана 3-курс студенттери Казат Акматовдун «Мунабия» чыгармасын окуп, сынакка катышышты.
Иш-чаранын максаты — студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, көркөм адабият аркылуу руханий дүйнөсүн байытуу жана мамлекеттик тилге болгон урмат-сыйын бекемдөө.
Иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү ФДЦКнын окутуучулары Калматова Венерага, Аскарова Алияга жана Жоомарт кызы Бактыканга тапшырылып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Мындай иш-чаралар студенттердин китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, көркөм чыгармаларды терең түшүнүүгө жана улуттук руханий баалуулуктарды баалоого өбөлгө түзөт.