Новости

«КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ — ТИЛДЕ, НАРКТА, САЛТТА» АТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-жылдын 30-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисцплиналар циклдык комиссиясы тарабынан 23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Көчмөндөр мурасы — тилде, наркта, салтта» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна, колледждин директору, философия илимдеринин кандидаты М.Э.Манашов ., гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анарбаева Гүлназ Араповна жана филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын төрайымы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Ызабекова Динара Абдырасуловна катышып, мамлекеттик тилдин мааниси жана улуттук мурастарды сактоо тууралуу сөз сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө «Өз тилиңдө сабаттуу бол» аттуу жат жазуу сынагында жана китеп окуу сынагында жогорку жыйынтыктарды көрсөткөн окутуучулар менен студенттер дипломдор менен сыйланышты. Иш-чараны филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын окутуучулары Мамасадыков Айбек Убраимжанович, Курбаналиева Жыпаргүл Раимбердиева, Акишова Гүлзина Толоновна жана Сайпидинова Элиза Орозимахаматовналар тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүштү. Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатууга, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталды. Тил — улуттун руханий байлыгы, мурас — тарыхтын табериги, салт — муундарды байланыштырган баалуулук!
3 12:55 27-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|