Haber

«ЕВРАЗИЯ» ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫГЫНЫН «ЕВРАЗИЯ ЛИДЕРИ» НОМИНАЦИЯСЫНЫН ФИНАЛИСТИ — ДОСМАТОВА ДЖАМИЛЯ НЫШАНОВНА

2026-жылдын октябрь айында Москва шаарында «Евразия» эл аралык сыйлыгынын финалдык баскычы өттү. Сыйлыкка дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 5000ден ашуун өтүнмө келип түшүп, алардын ичинен 30 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 100 долбоору 10 номинация боюнча финалдык баскычка тандалып алынган. Финалисттердин катарында Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Досматова Джамиля Нышановна да бар. Ал «Евразия лидери» номинациясы боюнча финалдык баскычка өткөн. Джамиля Нышановна сунуштаган долбоор билим берүү тармагындагы насаатчылыкты өнүктүрүүгө, педагогдорду кесиптик жактан колдоого жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоордун негизги максаты — педагогдордун кесиптик кызматташтыгын чыңдоо жана насаатчылык аркылуу билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбаны жайылтуу. Досматова Джамиля Нышановнаны эл аралык деңгээлдеги бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! Ага мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, жаңы демилгелерин ишке ашырууда үзүрлүү эмгекти жана эл аралык деңгээлдеги жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
40 15:51 27-10-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|