ОшМУнун Курулуш колледжинде киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
18:17
27-10-2026
24
ОшМУнун Курулуш колледжинде студенттердин киберкоопсуздук боюнча билимин жогорулатуу, интернет мейкиндигиндеги коркунучтардын алдын алуу жана жаштардын укуктук сабаттуулугун арттыруу максатында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү, милициянын капитаны **Мирланбек уулу Азизбек**, колледждин директору **М.Т. Тентимишов**, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө интернет-алдамчылык, жеке маалыматтарды коргоо, социалдык тармактарды туура жана коопсуз пайдалануу, шектүү шилтемелерден сактануу, белгисиз адамдардан келген билдирүүлөргө этият мамиле кылуу жана кибер кылмыштардын алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле интернеттеги алдамчылык аракеттерге кабылган учурда кандай чараларды көрүү керектиги түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, баңгизаттын зыяндуулугу, анын адамдын ден соолугуна жана келечегине тийгизген терс таасири, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту сактоо маселелери боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, киберкоопсуздук эрежелерин күнүмдүк жашоодо сактоонун маанилүүлүгү тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.
**Мындай жолугушуулар жаштардын санариптик жана укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, интернеттеги коркунучтардан коргонуу көндүмдөрүн калыптандырууга, укук бузуулардын алдын алууга жана студенттер үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.**