Госпиталдык терапия кафедрасында ачык сабак өткөрүлдү
08:01
28-10-2026
2
Госпиталдык терапия кафедрасынын улук окутуучусу Айтиева Жылдыз 5-курстун 18-тайпасынын студенттери үчүн «Дыхательная недостаточность» (Дем алуу жетишсиздиги) деген актуалдуу темада жогорку деңгээлдеги ачык сабак өттү.
Сабактын жүрүшүндө заманбап интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, студенттер теориялык билимдерин клиникалык учурлар менен айкалыштыра алышты. Улук окутуучу татаал медициналык процесстерди жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде түшүндүрүп, болочок дарыгерлердин өзгөчө кызыгуусун арттырды. Студенттер жигердүү катышып, суроо-жооптор аркылуу теманы терең өздөштүргөнүн көрсөтө алышты. Бул ачык сабак кафедранын билим берүүдөгү жогорку стандарттарын жана мугалимдин педагогикалык чеберчилигин дагы бир жолу далилдеди.