ЭАБПЖМде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү белгиленди
08:29
28-10-2026
51
2026-жылдын 27-октябрында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны «Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия» билим берүү программасы уюштурду. Программанын алкагында ардактуу коноктордун сөз сүйлөөлөрү, билим берүү программасынын презентациясы, чет өлкөлөрдө билим алып жаткан студенттердин видеокуттуктоолору, музыкалык номерлер жана интеллектуалдык викторина өткөрүлдү.