Жанылыктар

Айыл чарба колледжинде ОшМУнун Enactus командасы-Кыргызстандын 2026-жылдагы Улуттук чемпиондору менен жолугушуу болуп өттү.

Айыл чарба колледжинде ОшМУнун Enactus командасы-Кыргызстандын 2026-жылдагы Улуттук чемпиондору менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда экономика илимдеринин кандидаты, доцент ОшМУнун бизнес паркынын директору, Кыргызстандын коомдук жана билим берүү демилгелеринин жетекчиси Камалов Эрлан Токтоназарович команданын тарыхы, максаттары, жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берди. Enactus командасы презентация жасап, суроолорго жооп беришти. Колледждин директорунун милдетин аткаруучу Сарыева Бегай Тагаевна команданын курамына ийгиликтерди каалады. Жолугушуу студенттердин арасында кызуу талкуу жаратып, бардык идеялуу жаштар үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине ишеним артты. Колледждин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна жана кесипке багыт берүү ПЦКсынын жетекчиси Халмурзаев Абдирашит Назирбековичтер командага ак жол каалап, Бразилиядан жеңишке жетишүүгө тилектештигин билдиришти.
46 09:07 28-10-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|