Новости

Айыл чарба колледжинде ветеринария адистигинин студенттери үчүн конок лекциясы өттү.

Айыл чарба колледжинде ветеринария адистигинин студенттери үчүн конок лекциясы өттү. Айыл чарба колледжинде Бишкек шаарындагы «Чип и Дейл» жеке ветеринардык клиникасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде студенттер менен адистердин жолугушуулары системалуу түрдө уюштурулуп келет. Бул кызматташтык теориялык билимди практика менен айкалыштырып, келечектеги кадрлардын кесиптик компетенттүүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Ушундай маанилүү иш-чаралардын алкагында уюштурулган конок лекцияны Айыл чарба колледжинин директору Сарыева С. Т. ачып берип, билим берүү менен практиканын өз ара кызматташтыгы келечектеги адистер үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Конок лекцияга ветеринария адистигинин студенттери катышып, кызыктуу суроо-жооптор болду. Жолугушуунун жүрүшүндө жаныбарлар менен коопсуз, туура мамиле кылуунун негизги принциптери жана ветеринардык кесиптин өзгөчөлүктөрү талкууланды. Мындай сабактар студенттердин тандаган кесибине болгон кызыгуусун арттырып, жоопкерчиликти сезүүгө жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул иш-чарага Айыл чарба колледжинин Кесипке багыт берүү ПЦКсынын төрагасы, б.и.к., доцент А. Н. Халмурзаев, ветеринария адистигинин окутуучулары П. Маматкулов, Н. Каллиникава, Э. Рыскулбеков, Ы. Сыдык кызы, М. Боронбаев жана ветеринария адистигинин студенттери катышты. Колледждун профилдик мекемелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде туруктуу жана системалуу түрдө кызматташуусу — ветеринария тармагында сапаттуу, квалификациялуу кадрларды даярдоодогу маанилүү өбөлгө болуп саналат.
52 09:13 28-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|