КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ТИЛДЕРИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНДӨРҮНӨ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
17:03
28-10-2026
13
Ош МУнун кыргыз филологиясы факультети жана өзбек тили жана адабияты борбору тарабынан кыргыз жана өзбек тилдеринин мамлекеттик тил күндөрүнө карата уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин «Ёш тилшунос ва адабиётшунос» ийриминин мүчөлөрү жооптуу окутуучулар К. Саидрахимов жана М. Хамидованын жетекчилиги астында активдүү катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө жаш изилдөөчүлөр тил илими, адабият таануу жана кыргыз-өзбек тилдеринин маданий байланыштары боюнча пикир алмашып, илимий изденүүлөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Мындай иш-чаралар студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилдерге болгон урмат-сыйды арттырууга жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.