КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ТИЛДЕРИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНДӨРҮНӨ АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
17:03
28-10-2026
14
Ош МУнун кыргыз филологиясы факультети жана өзбек тили жана адабияты борбору тарабынан кыргыз жана өзбек тилдеринин мамлекеттик тил күндөрүнө карата уюштурулган эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклдык комиссиясынын «Ёш тилшунос ва адабиётшунос» ийриминин мүчөлөрү жооптуу окутуучулар К. Саидрахимов жана М. Хамидованын жетекчилиги астында активдүү катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө жаш изилдөөчүлөр тил илими, адабият таануу жана кыргыз-өзбек тилдеринин маданий байланыштары боюнча пикир алмашып, илимий изденүүлөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышууда. Мындай иш-чаралар студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилдерге болгон урмат-сыйды арттырууга жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.