Новости

Адилбаев Жумали агай ардактуу эс алууга узатылды

Ош мамлекеттик университетинде ардактуу агайыбыз Адилбаев Жумали агайды ардактуу эс алууга узатууга арналган «Устаттык жол — улуу мурас: билим чырагын жаккан жарым кылым» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин жетекчилери, кесиптештери жана шакирттери катышты. Жумали агай университетте 56 жыл үзүрлүү эмгектенип, билим берүү тармагына зор салым кошкон. Ал ушул жылдар аралыгында миңдеген шакирттерди тарбиялап, өзүнүн терең билими жана бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келди. Агайдын эмгеги жана устаттык жолу жаш муундар үчүн чоң үлгү болуп саналат. Салтанаттуу кечеде ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э. Саттаров агайга жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Ал Жумали агайды 78 жаш кутман курагы жана 56 жылдык ак эмгеги менен чын жүрөктөн куттуктады. Ошондой эле агайдын университеттин өнүгүшүнө кошкон салымын өзгөчө белгиледи. Ардактуу устатка чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат карылык каалады. Жумали агайдын өрнөктүү өмүр жолу жана эмгеги ар дайым урмат-сый менен эскерилип, кийинки муундарга мурас болуп кала бермекчи.

5 17:32 28-10-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|