«Дипломатия дүйнөнү бириктирет: салттар, диалог жана келечек» 27-октябрда Эл аралык мамилелер жана европалык интеграция бөлүмүндө Дипломатия күнүнө арналган «Дипломатия дүйнөнү бириктирет: салттар, диалог жана келечек» аттуу иш-чара болуп өттү.
07:49
29-10-2026
21
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн таланттарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Алардын өнөрлөрү улуттук салттарга, маданий ар түрдүүлүккө жана эл аралык баарлашуунун баалуулуктарына болгон урмат-сыйды чагылдырды.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгүн Эл впалые мамилелер факультетинин негиздөөчүсү, Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору Канышай Хамитовнанын баяндамасы түздү. Өз сөзүндө ал дипломатиянын маанилүүлүгүн, анын тарыхый салттарын жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдөгү ордун белгиледи. Ошондой эле келечектеги адистердин өлкөлөр ортосундагы достукту, кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдөгү ролуна басым жасады.