News

ОшМУнун МФТИТ институтунун өкүлдөрү Италияда

2026-жылдын 14–22-сентябрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Энергетика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү профессор Кенжаев И.Г., доценттер Айдарбеков З.Ш. жана Матисаков Т.К. Италиянын борбору Рим шаарындагы Сапиенца университетинде өтүп жаткан жетектөөчү комитеттин кезектеги отурумуна катышууда.
Иш-чара Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын Silkway долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Отурумдун алкагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана энергетика тармагындагы билим берүү менен илимий байланыштарды чыңдоо маселелерине көңүл бурулууда.
ОшМУнун эл аралык кызматташтыгы кеңейип, окутуучулардын тажрыйбасы жана кесиптик байланыштары чыңдала берсин!
24 08:00 29-10-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|