ОшМУнун Курулуш колледжинин СТУЗ-1-25(9)бк тайпасында тайпа жетекчиси Абдырасулова Насибанын уюштуруусунда ата-энелер жыйынын өткөрдү
04:01
02-11-2026
49
АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОЛЛЕДЖДИН БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТИ — ИЙГИЛИКТИН НЕГИЗИ!
ОшМУнун Курулуш колледжинин СТУЗ-1-25(9)бк тайпасында тайпа жетекчиси Абдырасулова Насибанын уюштуруусунда ата-энелер жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында «Заманбап студент: көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана ата-эненин ролу» темасы талкууланып, студенттердин окуусу, жетишкендиктери жана тартиби тууралуу маалымат берилди.
Окуу иштери боюнча директордун орун басары Болотбек кызы Шекер окуу процессине байланыштуу маанилүү маселелерге токтолуп, ата-энелерди балдарынын билим алуусуна жана тарбиясына көңүл бурууга чакырды.
Жыйын суроо-жооп жана пикир алмашуу менен жыйынтыкталды.
Билимдүү муун — ата-эне менен колледждин биргелешкен аракетинин жемиши!