Haber

ОшМУнун Курулуш колледжинин СТУЗ-1-25(9)бк тайпасында тайпа жетекчиси Абдырасулова Насибанын уюштуруусунда ата-энелер жыйынын өткөрдү

АТА-ЭНЕ МЕНЕН КОЛЛЕДЖДИН БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТИ — ИЙГИЛИКТИН НЕГИЗИ! ОшМУнун Курулуш колледжинин СТУЗ-1-25(9)бк тайпасында тайпа жетекчиси Абдырасулова Насибанын уюштуруусунда ата-энелер жыйыны өткөрүлдү. Жыйында «Заманбап студент: көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана ата-эненин ролу» темасы талкууланып, студенттердин окуусу, жетишкендиктери жана тартиби тууралуу маалымат берилди. Окуу иштери боюнча директордун орун басары Болотбек кызы Шекер окуу процессине байланыштуу маанилүү маселелерге токтолуп, ата-энелерди балдарынын билим алуусуна жана тарбиясына көңүл бурууга чакырды. Жыйын суроо-жооп жана пикир алмашуу менен жыйынтыкталды. Билимдүү муун — ата-эне менен колледждин биргелешкен аракетинин жемиши!
51 04:01 02-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|