ЖАРЫЯ!
«ЖАРАТМАН МУУН» РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ СЫНАГЫ
Урматтуу ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин студенттери!
Сиздерди республикалык эссе сынагына катышууга чакырабыз!
Сунушталган темалар:
1. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: менин түшүнүгүм жана жоопкерчилигим».
2. «Жаратман муун – Кыргызстандын заманбап келечеги».
3. «Улуттук баалуулуктар жана бүгүнкү жаштардын дүйнө таанымы».
4. «Эне тил – улуттук аң-сезимдин негизи».
5. «Билим, илим жана инновация – өлкөнүн өнүгүү булагы».
6. «Кыргыз жараны: укук, милдет жана жоопкерчилик».
7. «Уңгужол – улуттук тамырдан дүйнөлүк бийиктикке карай жол».
8. «Менин өлкөмдүн өнүгүшүнө кошкон салымым».
Эссеге коюлган талаптар:
- Көлөмү – 3 бет (А4);
- Шрифт – Times New Roman, 14;
- Сап аралыгы – 1,5;
- Кыргыз тилинде;
- Автордук, оригиналдуу чыгармачылык эмгек болушу керек.
Баалоо критерийлери (100 балл):
- Теманын ачылышы жана актуалдуулугу – 20 балл;
- Автордук позиция – 20 балл;
- Аргументтердин негиздүүлүгү – 20 балл;
- Композиция жана логикалык ырааттуулук – 15 балл;
- Тилдик сабаттуулук – 15 балл;
- Практикалык сунуштар жана жаратмандык идеялар – 10 балл.
Сынактын мөөнөтү: 5-ноябрь.
Жыйынтыгында I, II жана III орундар аныкталат. Республикалык сынакка эң мыкты эки эссе сунушталат.
Өзүңүздүн идеяңыз жана чыгармачылык жөндөмүңүз менен өлкөбүздүн келечегине салым кошуңуз!