Жанылыктар

«ЖАРАТМАН МУУН» РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ СЫНАГЫ

ЖАРЫЯ! «ЖАРАТМАН МУУН» РЕСПУБЛИКАЛЫК ЭССЕ СЫНАГЫ Урматтуу ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин студенттери! Сиздерди республикалык эссе сынагына катышууга чакырабыз! Сунушталган темалар: 1. «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: менин түшүнүгүм жана жоопкерчилигим». 2. «Жаратман муун – Кыргызстандын заманбап келечеги». 3. «Улуттук баалуулуктар жана бүгүнкү жаштардын дүйнө таанымы». 4. «Эне тил – улуттук аң-сезимдин негизи». 5. «Билим, илим жана инновация – өлкөнүн өнүгүү булагы». 6. «Кыргыз жараны: укук, милдет жана жоопкерчилик». 7. «Уңгужол – улуттук тамырдан дүйнөлүк бийиктикке карай жол». 8. «Менин өлкөмдүн өнүгүшүнө кошкон салымым». Эссеге коюлган талаптар: - Көлөмү – 3 бет (А4); - Шрифт – Times New Roman, 14; - Сап аралыгы – 1,5; - Кыргыз тилинде; - Автордук, оригиналдуу чыгармачылык эмгек болушу керек. Баалоо критерийлери (100 балл): - Теманын ачылышы жана актуалдуулугу – 20 балл; - Автордук позиция – 20 балл; - Аргументтердин негиздүүлүгү – 20 балл; - Композиция жана логикалык ырааттуулук – 15 балл; - Тилдик сабаттуулук – 15 балл; - Практикалык сунуштар жана жаратмандык идеялар – 10 балл. Сынактын мөөнөтү: 5-ноябрь. Жыйынтыгында I, II жана III орундар аныкталат. Республикалык сынакка эң мыкты эки эссе сунушталат. Өзүңүздүн идеяңыз жана чыгармачылык жөндөмүңүз менен өлкөбүздүн келечегине салым кошуңуз!
41 05:28 02-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|