Жанылыктар

Ош айыл чарба техникумун 30 жылдан ашык мезгил жетектеген Аматов Сеитбек Юсуповичтин жаркын элесине арналган линейка болду.

ОшМУнун Айыл чарба колледжинде Ош айыл чарба техникумун 30 жылдан ашык мезгил жетектеген Аматов Сеитбек Юсуповичтин жаркын элесине арналган линейка болду. Окуу жайдын директорунун тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна линейканы ачып, агайдын басып өткөн эмгек жолу, бай тажрыйбасы, окуу жайга, спортко кошкон салымы,мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө тааныштырды. Сөзгө чыккан директордун милдетин аткаруучу Сарыева Салмахан Тагаевна, окутуучу Хайдаров, директордүн окуу иштери боюнча орун басары Муратова, Чолпон Мансуровна, методист Жунусалиева Пашакан Орозмаматовна,окутуучу Каримова Зумрат Хасанбаевна, жаш окутуучу Касымалиева Айпери , Сеитбек Юсуповичтин жасаган иштерине, өзгөчө инсандык сапаттарына, бийик адамгерчилигине, билимдүүлүгүнө токтолуп, өз пикирлерин билдиришти. Агайдын басып өткөн эмгек жолу жаш студенттерге үлгү экендигин баса белгилешти. Окуу жайдын кесипке багыт берүү ПЦКсынын башчысы Халмурзаев Абдирашит агай , Сеитбек Юсуповичтин жасаган иштери жаштар үчүн үлгү экендигин баса белгиледи. Коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы Аматов Сеитбек Юсуповичтин жаркын элеси, кесиптештеринин, студенттердин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
25 11:10 02-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|