ОшМУнун ДКжУМБББ Стоматология адистиктери бөлүмүндө клиникалык жетекчилердин катышуусунда пландагы жалпы жыйын болуп өттү.
06:18
03-11-2026
13
ОшМУнун ДКжУМБББ Стоматология адистиктери бөлүмүндө клиникалык жетекчилердин катышуусунда пландагы жалпы жыйын болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралды:
1. Иш пландарды бекитүү: Жаңы окуу жылына карата клиникалык жетекчилердин иш пландары каралып, тиешелүү тартипте бекитилди.
2. Ординаторлордун келишимдерин (контракт) текшерүү: Клиникалык ординаторлордун окуу акысы жана келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
3. Электрондук платформага каттоо: Окуу процессин санариптештирүү алкагында ординаторлорду жана жетекчилерди » (электрондук окутуу платформасы) системасына каттоо жана активдештирүү маселеси каралды.
4. Ар түрдүү маселелер: Окуу-клиникалык базалардагы тартип, ординаторлордун катышуусу жана башка уюштуруу иштери талкууланды.
Жыйындын соңунда коюлган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, клиникалык жетекчилерге тапшырмалар жүктөлдү.