2026-жылдын 3-ноябрында ички оорулар пропедевтикасынын «Внутренние болезни – 2» дисциплинасынын алкагында 4-курстун студенттери үчүн эл аралык билим берүү жолугушуусу өткөрүлдү.
Кафедра башчысы Э.Н. Бекешованын атайын чакыруусу менен АКШдан келген медицина илимдеринин адиси Джеймс Страйкер «Аортальные пороки» («Аорталык кемтиктер») темасында мазмундуу лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө аорталык кемтиктердин клиникалык өзгөчөлүктөрү, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары, ошондой эле медицинадагы акыркы илимий жетишкендиктер тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуу жандуу талкуу форматында өтүп, студенттер лекторго суроолорун берип, эл аралык медициналык тажрыйба менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай эл аралык жолугушуулар студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, дүйнөлүк медицинанын жетишкендиктерин өздөштүрүүгө жана келечектеги адистердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.