News

Гостевая лекция

2026-жылдын 3-ноябрында ички оорулар пропедевтикасынын «Внутренние болезни – 2» дисциплинасынын алкагында 4-курстун студенттери үчүн эл аралык билим берүү жолугушуусу өткөрүлдү. Кафедра башчысы Э.Н. Бекешованын атайын чакыруусу менен АКШдан келген медицина илимдеринин адиси Джеймс Страйкер «Аортальные пороки» («Аорталык кемтиктер») темасында мазмундуу лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө аорталык кемтиктердин клиникалык өзгөчөлүктөрү, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмалары, ошондой эле медицинадагы акыркы илимий жетишкендиктер тууралуу маалымат берилди. Жолугушуу жандуу талкуу форматында өтүп, студенттер лекторго суроолорун берип, эл аралык медициналык тажрыйба менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай эл аралык жолугушуулар студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга, дүйнөлүк медицинанын жетишкендиктерин өздөштүрүүгө жана келечектеги адистердин клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.
19 08:39 03-11-2026

                 

News

19 08:39 03-11-2026

Гостевая лекция

DIMEDUS

190 08:08 21-10-2026

«Розовый октябрь»

210 10:10 20-10-2026

DIMEDUS

179 05:33 20-10-2026

DIMEDUS

264 10:13 19-10-2026
|< 1 2 3 4 5 >|