Жанылыктар

Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери ОшМУнун 1-курстарынын спартакиадасында ийгиликтерди багындырышты

Ош мамлекеттик университетинде институттар жана факультеттер аралык 1-курстун студенттеринин спартакиадасы жыйынтыкталды. Спорттук мелдеште Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери бир катар ийгиликтерди жаратышты. Факультеттин студенттери төмөнкү байгелүү орундарга ээ болушту: Волейбол — 1-орун; Жеңил атлетика (1000 метр) — 1-орун; Ордо — 2-орун; Стол тенниси — 3-орун. Мындан тышкары, Аркабаева Асема волейбол боюнча «Мыкты оюнчу», ал эми Доорбеков Абдусами ордо боюнча «Мыкты оюнчу» наамдарына татыктуу болушту. Бул жетишкендиктер студенттердин спортко болгон кызыгуусун, аракетин жана командалык ынтымагын көрсөтөт. Жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундардын ээлерин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Келечекте дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!
23 09:46 03-11-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|