Новости

МЕДИЦИНАЛЫК ИЛИМ ЖАНА ПРАКТИКА: ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ЖАНА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинин өкүлдөрү Кантөрө Шарипович Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте өткөн кант диабетине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган аймактык илимий-практикалык конференцияга катышышты. Конференциянын темасы: «Кант диабетинин курч жана өнөкөт татаалдашуулары: фундаменталдык илимден инновациялык технологияларга жана заманбап клиникалык практикадагы дисциплиналар аралык мамилеге карай». Иш-чаранын жүрүшүндө кант диабетинин алдын алуу, эрте аныктоо, татаалдашууларын азайтуу, заманбап диагностикалык жана дарылоо технологияларын колдонуу, ошондой эле медициналык адистердин дисциплиналар аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындай илимий иш-чараларга катышуу медициналык билим берүү мекемелеринин кесиптик байланыштарын бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана билим берүү процессин заманбап медицинанын талаптарына ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Илимий кызматташтык — сапаттуу медициналык билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун өнүгүшүнүн маанилүү негизи!
3 06:53 04-11-2026

                 

Новости

|< 1 >|