Новости

STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинин студенттери окуу-тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстанга барышты

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин туризм адистигинин студенттери эл аралык окуу-тажрыйба алмашуу максатында Өзбекстан Республикасында болушту

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучулары Жапар кызы Бактыгүл жана Азим кызы Нүргүлдүн жетекчилиги астында Туризм адистигинин студенттери Өзбекстан Республикасындагы Коканд университетине окуу-тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын алкагында студенттер Кокон, Наманган жана Анжиян шаарларында болушуп, аталган шаарлардын билим берүү мекемелери, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, тарыхый-маданий мурастары жана аймактын туристтик инфраструктурасы менен таанышышты. Ошондой эле студенттерге шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, туристтик ресурстары жана туризм тармагындагы келечектүү багыттары тууралуу маалыматтар берилди.

Сапардын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу, эл аралык билим берүү мейкиндигинде тажрыйба алмашууну кеңейтүү, кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана эки өлкөнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Мындай окуу-тажрыйба алмашуу иш-чаралары студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, башка өлкөлөрдүн туристтик тармагындагы өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүгө, маданияттар аралык байланышты өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга өбөлгө түзөт.


32 07:54 04-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|