Новости

ОшМУнун ректору Айыл чарба колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышып, өнүгүүнүн жаңы багыттарын белгиледи

ОшМУнун ректору, профессор К. Г. Кожобеков иш сапары менен Айыл чарба колледжине келип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, окуу кабинеттеринин жана лабораториялардын абалы менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө ректор лабораториялардын окуу процессиндеги маанисине өзгөчө көңүл буруп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, лабораториялык жабдууларды натыйжалуу пайдалануу жана практикалык сабактарды өркүндөтүү боюнча өзүнүн сунуш-пикирлерин билдирди. Ошондой эле колледждин материалдык-техникалык базасын мындан ары өнүктүрүү, колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана кошумча киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү уюштуруу багытында бир катар бизнес-идеяларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, эмгек рыногунун талабына ылайык кыска мөөнөттүү кесиптик курстарды уюштуруу, анын ичинде айдоочулук күбөлүк алуу багытында окутуу курстарын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу боюнча сунуштарды берди. Бул демилгелер колледждин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, калкка кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жана окуу жайдын экономикалык туруктуулугун чыңдоого багытталган. Иш сапардын жыйынтыгында айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча конкреттүү бизнес-пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
2 10:40 04-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|