СГД кафедрасында «Жаратман муун» республикалык эссе сынагына даярдык жүрүүдө
06:43
05-11-2026
21
Ош мамлекеттик университетинин cоциалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасында студенттер арасында өткөрүлүп жаткан «Жаратман муун» республикалык эссе сынагына карата иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда кафедрага сынакка катышууну каалаган студенттерден эсселер келип түшүп, айрым студенттер өздөрүнүн чыгармачылык иштерин жазууну улантып жатышат.
Сынактын алкагында студенттер улуттук баалуулуктар, мекенчилдик, улуттук аң-сезим, билим, илим, инновация жана өлкөнүн келечеги тууралуу өз ойлорун, көз караштарын жана сунуштарын чагылдырууда.
Келип түшкөн эсселер белгиленген талаптарга жана баалоо критерийлерине ылайык каралып, алардын ичинен эң мыкты жазылган эмгектер тандалып алынат. Тандалган эсселер республикалык сынакка катышуу үчүн уюштуруу комитетине жөнөтүлөт.