Haber

Айыл чарба колледжинде «Заманбап мал чарбачылыгы жана ветеринария: салттуу ыкмалардан инновацияга чейин – таза экологиялык продукция» аттуу конференция өткөрүлдү.

Айыл чарба колледжинде «Заманбап мал чарбачылыгы жана ветеринария: салттуу ыкмалардан инновацияга чейин – таза экологиялык продукция» аттуу конференция өткөрүлдү 2026-жылдын 5-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде 20-октябрь – Агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол концепциясынын алкагында «Заманбап мал чарбачылыгы жана ветеринария: салттуу ыкмалардан инновацияга чейин – таза экологиялык продукция» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын негизги максаты студенттердин айыл чарба тармагына болгон кызыгуусун арттыруу, заманбап мал чарбачылыгы жана ветеринария багытындагы жаңылыктар менен тааныштыруу, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча ой бөлүшүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча баяндамаларын жана презентацияларын сунушташты: * Мал чарбасындагы санариптештирүү: смарт-фермалар жана малдын кулагындагы электрондук чиптер; * Жаныбарлардын заманбап илдеттери жана алардын алдын алууда вакцинациянын ролу; * Сапаттуу тоют – жогорку кирешенин негизи; * Генетика жана селекция: Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү. Ошондой эле айыл чарба илимдеринин кандидаты Халляпов Тарбиз жана Мады айылынын ветеринардык дарыгери Исмаилов Жунус катышкан «Ачык маек» форматындагы панелдик талкуу уюштурулду. Анда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден практикалык жоопторду алышты. Конференциянын алкагында «Ветеринардык куралдар» экспресс-көргөзмөсү, айыл чарба продукцияларынын «Күз берекеси» көргөзмөсү жана мал чарбачылыгында колдонулуучу заманбап технологиялардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагындагы инновациялык жетишкендиктерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. Конференция мазмундуу пикир алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жана жаңы идеялар менен коштолду. Конференцияны уюштургандар КРнын билим берүүсүнүн мыкты кызматкери, окумуштуу агроном, директордун тарбия иштери боюнча орун басары Зулпукарова Мархабо Исаковна, биология илимдеринин кандидаты, кесипке багыт берүү ПЦКсынын башчысы Халмурзаев Абдирашит, ветеринария адистигинин окутуучусу Маматкалыков Пиримкул.
13 09:34 05-11-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|