2026-жылдын 1–3-ноябрь күндөрү Улуу Британиянын Liverpool Learning Academy билим берүү академиясы тарабынан уюштурулган «Араб тилин эне тили арабча болбогон адамдарга үйрөтүү боюнча эл аралык конференция» аттуу онлайн иш-чара болуп өттү.
Аталган конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучусу Бекназаров Сабырбек Мамасалиевич катышты.
Конференциянын жүрүшүндө араб тилин окутуунун заманбап ыкмалары, тил үйрөтүүдөгү инновациялык технологиялар жана эл аралык тажрыйбалар талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында окутуучуга эл аралык сертификат тапшырылып, 10 сааттык кесиптик өнүгүү программасына катышкандыгы тастыкталды.