Новости

ОшМУнун Курулуш колледжинде Сапат департаменти тарабынан уюштурулган ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери -2026»жана Педагогикалык дебют - 2026 конкурстарынын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда семинар жана мастер-класс өткөрүлдү.

ОшМУнун Курулуш колледжинин актылык залында 2025-2026-окуу жылында ОшМУнун Сапат департаменти тарабынан уюштурулган «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери -2026» жана «Педагогикалык дебют - 2026» конкурстарынын жеңүүчүлөрүнүн катышуусунда семинар жана мастер-класстар өткөрүлдү. Иш-чарага КФиЖФ, ОФ, ППИИ, ЭАББПЖМ, ФЮК факультеттеринин, Дене тарбия бөлүмүнүн жана Курулуш колледжинин окутуучулары катышты. Семинардын жүрүшүндө конкурстардын жеңүүчүлөрү: Талипова Сахида — «ОшМУнун СӨАИ чебери»; Токтомуратова Жанара — «Педагогикалык дебют»; Абдырахманова Айпери — «ОшМУнун СӨАИ чебери» наамынын ээси өздөрүнүн алдыңкы педагогикалык тажрыйбалары, заманбап окутуу усулдары жана СӨАИ тапшырмаларын уюштурууда колдонулуучу платформалар менен кеңири бөлүшүштү. Семинардын жыйынтыгында катышуучулар сунушталган санариптик платформаларды жана ыкмаларды окуу процессинде, өзгөчө студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууда колдонууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Катышуучулар уюштуруучуларга жана тажрыйба бөлүшкөн окутуучуларга ыраазычылык билдиришти. Билим сапаты — тынымсыз изденүүнүн жана тажрыйба алмашуунун натыйжасы!
22 10:18 06-11-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|