Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика,
техника жана информациялык технологиялар институтунун 550200 —
«Физика-математикалык билим берүү» багытынын «Математика жана
информатика» профилинин I курсунун студенти Аъзамжанова Мумтозбегим
Бахтиёржоновна да бар. Ал ЖРТдан 202 балл алган.
Жолугушууда депутат жаштарды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап,
өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин белгиледи. Ошондой
эле студенттердин окуусу, келечектеги максаттары тууралуу пикир алышып,
билимге багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Азизбек Абдуллаев студенттерге Ыраазычылык каттарды
жана заманбап планшеттерди тапшырып, окууларына ийгилик каалады.
Билимдүү жаштар — өлкөнүн келечеги!











