Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн StudEXPO–2026 студенттердин эл
аралык эмгектер жарманкесинде Ош мамлекеттик университетинин студенттери
жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундар менен кайтышты!Эл
аралык деңгээлде уюштурулган иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана
Казакстандан 50гө жакын жогорку окуу жайдын 400гө жакын студенти
катышты. ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков жетектеген 15
окутуучу жана 55 студенттен турган делегация университеттин намысын
татыктуу коргоду.
Жаштар төмөнкү багыттар боюнча өздөрүнүн билимдерин, чыгармачылык
жөндөмдөрүн жана инновациялык долбоорлорун көрсөтүштү:
Программалоо, мобилдик жана веб-тиркемелер;
Робототехника, автоматташтыруу жана жасалма интеллект;
3D-моделдештирүү жана Motion Animation;
Иллюстрация жана графикалык дизайн;
Программалоо боюнча олимпиада.
ОшМУнун студенттеринин жыйынтыктары:
1-секция: I жана II орундар;
2-секция: I жана II орундар;
3-секция: III орун;
4-секция: I, II жана III орундар;
Программалоо олимпиадасы: II орун.
Өзгөчө сыймыктуу жаңылык — ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобековго
Наманган бизнес жана илим университетинин ардактуу профессору деген
жогорку наам ыйгарылды.
Иш-чарага Наманган облусунун акими баштаган жетекчилиги, элчилер, IT
Park жетекчилери, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана диаспора
өкүлдөрү катышты. Мындай эл аралык аянтча студенттердин тажрыйба
алмашуусуна, жаңы идеялардын жаралышына жана университеттер аралык
кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Студенттерибизди жана аларды даярдаган окутуучуларды татыктуу жеңиштери
менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтер болсун!
ОшМУ — эл аралык деңгээлдеги ийгиликтерге карай!











